Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 12,00 пайыз деңгээлинде калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 26-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 12,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2026-жылдын 27-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргызстанда акыркы айда баалар динамикасынын орточо өсүш арымы катталган – 2026‑жылдын октябрь[1] айында жылдык инфляция көрсөткүчү сентябрь айындагы 12,2 пайыз деңгээлинен төмөндөп, 10,8 пайызды (жыл башынан бери инфляция 8,5 пайызды) түздү. Кыргызстанда инфляцияга Жакынкы Чыгышта орун алып жаткан кагылышуудан улам дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа коньюнктурасынын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан тышкы факторлор таасирин тийгизип жатат. Мында, Улуттук банк тарабынан колдоого алынган катуулатылган акча-кредиттик шарттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен камсыздоо боюнча инфляцияга каршы чаралары инфляция көрсөткөчүнүн жай арымына таасирин тийгизген.
Кыргыз Республикасынын экономикасы жогорку өнүгүү темпин көрсөтүүнү улантууда – 2026-жылдын 9 айы ичинде реалдуу ИДӨ 10,8 пайызга өстү. Экономиканын өсүшү, негизинен курулуш секторундагы жогору инвестициялык жигердүүлүк, ошондой эле калктын айкын кирешесинин өсүшүнүн алкагында ички керектөөнүн артышы менен колдоого алынууда. Туристтик ишкердик жана өлкөдө өткөрүлүп жаткан ири эл аралык иш-чаралар экономиканын өсүшүнө кошумча колдоо көрсөтүүдө.
Акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияга монетардык факторду чектөөгө багытталган. Экономикадагы акча-кредиттик катуулатылган шарттар сакталууда, бул тышкы шарттардын өлкөдөгү баалардын өзгөрүшүнө таасирин минималдаштырууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Улуттук банк акча-кредит саясатынын инструменттери аркылуу экономикадагы акчанын көлөмүн жигердүү жөнгө салуу ишин улантууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери, анын ичинде банктар аралык BIR рынок чени, Улуттук банктын эсептик чендерине жакын белгиленген пайыздык чекте калыптанат. Ички валюта рыногундагы абал туруктуу сакталууда.
Дүйнөдөгү геосаясий курч абалдын сакталып турушу дүйнөлүк энергия продукциялары жана азык-түлүк товарлары рынокторундагы баалардын туруксуздугуна таасирин тийгизип, эл аралык товарларды жеткирүү багытында чектөөлөрдү шарттап келет. Дүйнөдө жана аймакта инфляцияны күчөтүүчү тышкы факторлорду эске алуу менен өлкөдө инфляциянын максаттуу көрсөткүчүн орто мөөнөттүү келечекте 5-7 пайызга чейинки деңгээлде камсыз кылуу максатында, эсептик ченди 12,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими кабыл алынды.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүгө кылдат мамиле жасап, түптөлгөн тышкы жана ички инфляция факторлоруна баа берүү ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши ыктымал.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча план чегинде кийинки отуруму 2026-жылдын 30-ноябрында өтөт.
