Ошто 500 орундуу, Караколдо 270 орундуу спорт колледждери курулууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Ошто 500 орундуу, Караколдо 270 орундуу спорт колледждери курулууда

Ош шаарында 500 орунга, ал эми Каракол шаарында 270 орунга ылайыкталган спорт колледждери курулууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев «КААР» подкастында билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында спорт колледждери иштейт. Жаңы объектилердин курулушу аймактарда спортчуларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле Урмат Асанбаев өлкөнүн облустарында спорттук инфраструктураны өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Анын белгилешинче, спорт мектептеринин тарбиялануучулары жана ар кандай спорт багытындагы спортчулар машыга ала турган аймактык спорт комплекстерин жана башка объектилерди түзүү каралууда.

Агенттиктин жетекчиси спорттук инфраструктураны өнүктүрүү ижарага алынган спорт залдарына болгон көз карандылыкты азайтып, спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды жакшыртарын белгиледи.