Нарын районунда илбирс эки баласы менен видеого түшүп калган
Маданият министрлиги
27 октябрь

Нарын районунда илбирс эки баласы менен видеого түшүп калган

Нарын районундагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар эки баласы менен жүргөн ак илбирсти видеого тартып алышты.

Видеонун авторлорунун маалыматына караганда, алар жаныбарларды айылдардын бириндеги чоң көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда байкашкан. Алдын ала божомол боюнча, илбирстин балдары болжол менен бир жашта болушу мүмкүн.

Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450–550 башты түзөт. 1990-жылдары алардын саны кескин кыскарганына карабастан, акыркы жылдары популяциясынын акырындык менен көбөйүү тенденциясы байкалууда. Ак илбирстердин негизги топтолгон аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет.

Белгилей кетсек, ак илбирс өлкөнүн улуттук символдорунун бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, ал өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында ак илбирсти изилдөө, коргоо жана реабилитациялоо багытында иш алып баруучу «Ак-Илбирс» илимий-изилдөө борборунун ачылыш аземи өттү.

Ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо өзгөчө мааниге ээ. Мындай сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо жана алардын популяциясын көбөйтүү жаратылышты сактоо багытындагы маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.