Asman Airlines авиакомпаниясы сатып алган эки Airbus A321 учагын 2027-жылдын аягына чейин алуу пландалууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Asman Airlines авиакомпаниясы сатып алган эки Airbus A321 учагын 2027-жылдын аягына чейин алуу пландалууда

Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы сатып алган эки Airbus A321 учагын 2027-жылдын аягына чейин алуу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул учактар Кыргызстандан Евробиримдиктин шаарларына түз, конбостон каттамдарды аткарууга мүмкүндүк берет.

«2027-жылдын аягына чейин эки учакты учурууну пландап жатабыз», — деди Бостонов.

Ал белгилегендей, учактар келгенге чейин мамлекеттик авиакомпаниянын мындай каттамдарды аткаруусу мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда кыргыз тарап Германия жана Европанын башка өлкөлөрү менен зарыл уруксаттарды алуу маселелерин иштеп чыгууну көздөп жатат.

Бостоновдун айтымында, Кыргызстандын Евробиримдиктин авиациялык «кара тизмесинен» чыгышы Европа менен түз аба каттамдарын өнүктүрүүгө жол ачты.