Ноокен РЭТи күз-кыш мезгилине даяр
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Ноокен РЭТи күз-кыш мезгилине даяр

"КУЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ноокен район электр тармактары 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча пландалган иштердин негизги бөлүгү аткарылды.

Электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында аба чубалгыларын реконструкциялоо, мамычаларды алмаштыруу жана трансформаторлорду орнотуу иштери жүргүзүлдү.

10 кВ аба чубалгысы боюнча 500 метр жаңы куруу иштери аткарылып, эки даана жаңы трансформатор орнотулду. Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо жана оңдоо боюнча 5 чакырым жумуштар пландалган.

Ал эми 24.5 чакырым 0,4 кВ СИП аба чубалгысы каралган. Мындан сырткары, 9 даана көмөкчү орнотмону алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүдү. 2026-жылы жалпысынан 670 даана электр мамысын алмаштыруу пландалып, учурда мамыларды орнотуу иштери аяктап, зымдарды тартуу жумуштары улантылууда. Кабелдер тартылып бүткөндөн кийин тиешелүү иштер толук аяктайт.

Аткарылып жаткан жумуштар электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр тармактарынын туруктуу иштешине жана күз-кыш мезгилинде жаралышы мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

Ноокен район электр тармактары 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даяр. Учурда калган жумуштар белгиленген графикке ылайык улантылууда.