Кыргызстан Lufthansa жана LOT авиакомпаниялары менен Европага түз каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Кыргызстан Европанын Lufthansa жана Польшанын LOT авиакомпаниялары менен түз аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык «кара тизмесинен» чыкканга чейин эле чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен иш алып баруу башталган.
Учурда Lufthansa жана Польшанын LOT авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр уланууда.
«Биз Lufthansa авиакомпаниясы менен, ошондой эле LOT авиакомпаниясы менен Варшавадан же Германиядан, тагыраагы, Франкфурттан түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди Бостонов.
Мындан тышкары, Кытайдын авиакомпаниялары менен кызматташуу маселеси да каралууда. Варианттардын бири — Кытайдан Бишкек аркылуу өтүп, андан ары Европанын өлкөлөрүнө каттамдарды уюштуруу.
Европага түз каттамдарды ачуу боюнча азырынча так мөөнөттөр белгилене элек.
Бостонов белгилегендей, жарандык авиация тармагында жаңы эл аралык каттамды даярдоо бир жылдан бир жарым жылга чейин убакытты талап кылышы мүмкүн.
