Тогуз-торолук аял батирин райондук УКМКнын жетекчиси кызматтык турак жай катары тартып алганын айтты
Тогуз-Торо районунун тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылып, үй-бүлөсү сатып алган батирди райондук УКМК башкармалыгынын жетекчиси кызматтык турак жай катары каттатып алганын билдирди.
Аялдын айтымында, анын үй-бүлөсү 2015-жылы батирди 500 миң сомго сатып алган. Бирок турак жай менчиктештирилген эмес.
Анын айтымында, 2025-жылы райондук УКМК башкармалыгынын жетекчиси батирди бошотуп, аны кызматтык турак жай катары пайдалануу жөнүндө чечим чыгарган.
Кийин жетекчи башка кызматка которулганына карабастан, батир боюнча талаш маселе ушул күнгө чейин чечилбей келет.
Аялдын билдиришинче, мындай көйгөй райондун башка тургундарында да бар. Анын айтымында, ондогон батирлер көп жылдардан бери менчиктештирилбей келген.
Жолугушууда Садыр Жапаров 173 батирди менчиктештирүү боюнча жарлыкка кол койгонун билдирди.
«173 батир. Мен менчиктештирүү боюнча жарлыкка кол койдум. Элге жеткиргиле», — деди президент.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул батирлерде жашаган жарандардын маалыматтарын тактоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдиришти.
Мындан тышкары, жолугушууда ондогон жылдар мурун тургундар толук документтери жок сатып алган турак жайлар маселеси да көтөрүлдү. Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, учурда кыймылсыз мүлктүн баасы кыйла жогорулагандыктан, айрым мурдагы ээлери мындай батирлерди сот аркылуу кайтарып алууга аракет кылып жатышат.
Садыр Жапаров мындай талаштуу жагдайларды юридикалык жактан өзүнчө иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
