Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү шаарлар рейтингинде 7-орунду ээледи
Бишкек шаары 27-октябрда абасы эң көп булганган дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу IQAir уюмунун маалыматында айтылат.
Саат 05:00дөн 06:00гө чейинки маалымат боюнча, Кыргызстандын борборунда абанын сапатынын индекси (AQI) 167 пунктту түзгөн.
Рейтингде биринчи орунду Пакистандын Лахор шаары 248 пункт менен ээледи. Экинчи орунда Дели — 232, үчүнчү орунда Ханой — 181 пункт менен жайгашты.
Андан кийинки орундарга Багдад (176), Киншаса (174) жана Мумбай (170) шаарлары чыкты. Бишкек менен Карачинин көрсөткүчү бирдей болуп, 167 пунктту түздү. Алдыңкы ондукка ошондой эле Жакарта (160) жана Дакка (159) шаарлары кирди.
Буга чейин Кыргызгидромет Бишкек шаарында атмосфералык абанын булганышы күчөгөнүн билдирген.
Жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 16-22-октябрь күндөрү борбор калаадагы абада негизги булгоочу заттардын орточо суткалык өлчөмү уруксат берилген чектен 2,66 эсеге ашкан.
Ал эми 9-15-октябрь күндөрү бул көрсөткүч 1,56 эсеге, 2-8-октябрь аралыгында 1,10 эсеге жогору болгон.
Ошентип, октябрь айында Бишкекте абанын булгануу деңгээли кыйла өскөн.
