Кыргызстанда облустар менен райондорду жоюп, 20дан ашык аймак түзүү пландалууда
Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын экинчи этабынын алкагында азыркы облустар менен райондорду жоюп, алардын ордуна 20дан ашык ири аймак түзүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жаңы аймактар азыркы райондордон чоң, бирок облустардан кичине болот. Натыйжада учурдагы 40 райондун ордуна 20дан ашык административдик бирдик түзүү каралууда.
«Райондон чоң, бирок облустан кичине аймактар пайда болот. Эми 40 район эмес, 20дан ашык аймак болот», — деди Жантаев.
Ал мисал катары Ысык-Көл облусун түндүк жана түштүк бөлүктөргө бөлүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи.
Жалал-Абад жана Ош облустарындагы чакан райондорду коңшу ири аймактарга бириктирүү сунушталууда.
Реформанын негизги максаттарынын бири — мамлекеттик органдардын кайталанган функцияларын жоюу жана административдик бирдиктерди ирилештирүү.
Реформанын экинчи этабын ишке ашыруунун так мөөнөттөрү азырынча аныктала элек.
Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын биринчи этабы 2023-жылы башталган.
