Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды
сүрөт: depositphotos.com
27 октябрь

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда калкты сасык тумоого каршы алдын алуу максатында эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку жарандарга, кош бойлуу аялдарга, бат-баттан ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине эмдөө алуу сунушталат.

Сасык тумоого каршы вакцинаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз алууга болот.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жеке медициналык мекемелерден акы төлөп эмдөөдөн өтүүгө мүмкүн. Бир дозанын баасы 850 сомдон башталат.

Эмдөө жүргүзгөн мекемелердин катарында ЦАДМиР, «Кроха», «Малыш», «Эдельвейс», «Интермедикал», «Авицена», «Клиника 21», «Чипенко», «Комфорт Мед» жана №312 поликлиникасы бар.