Кыргызстандык поэтесса Алтынай Темирова Италияда эл аралык сыйлыкка татыды
Маданият министрлиги
27 октябрь

Кыргызстандык поэтесса Алтынай Темирова Италияда эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргыз акыны Алтынай Темирова «Бийчи жамгыр» поэзия жыйнагы үчүн Италиянын «Eccellenza Internazionale» эл аралык сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Сыйлык Италиянын Бари шаарында жайгашкан Л.А. Сенека атындагы Өнөр жана философиялык илимдер академиясы (Accademia delle Arti e delle Scienze Filosofiche) тарабынан заманбап адабияттагы өзгөчө жетишкендиктери жана жогорку чыгармачылык чеберчилиги үчүн ыйгарылат. Акын бул сыйлыкка көркөм жана адабий баалуулугу жогору «Бийчи жамгыр» чыгармалар жыйнагы үчүн ээ болду.

«Eccellenza Internazionale» сыйлыгы эл аралык деңгээлде гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга, маданиятты өнүктүрүүгө жана заманбап адабияттагы таланттарды колдоого багытталган. Кыргыз акынынын чыгармачылыгынын мындай абройлуу эл аралык сынакта жогору бааланышы улуттук адабияттын жетишкендиги жана кыргыз поэзиясынын эл аралык маданий мейкиндиктеги ордун бекемдөөгө кошулган салым болуп саналат.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 2026-жылдын 25-октябрында Италиянын Санникандро-ди-Бари шаарындагы тарыхый норман-сваб сепилинде өттү.