Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолундагы биринчи туннель толугу менен казылып бүттү
Учурда курулушу жүрүп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда бир туннель толугу менен казылып бүттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун бардык тилкесинде жумуштар жүрүүдө.
Жаңы курула турган 29 туннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ошондой эле 50 көпүрөнүн 47синде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
