Кыргызстанда айрым эски жеке үйлөрдүн жер тилкелерин акысыз менчикке берүү сунушталууда
Кыргызстанда жеке турак үйлөр жайгашкан жана аларды тейлөө үчүн зарыл болгон жер тилкелерин жарандардын менчигине акысыз берүү сунушталууда.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Бул норма бардык үйлөргө жайылтылбайт. Мыйзам долбооруна ылайык, турак үйгө болгон укук менчиктештирүүнүн натыйжасында, мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечиминин, жарандык-укуктук келишимдин же башка укук белгилөөчү документтин негизинде келип чыккан болушу керек. Мында документ 1999-жылдын 2-июнундагы Жер кодекси күчүнө киргенге чейин берилген болушу зарыл.
Акысыз менчикке берилүүчү жер тилкесинин өлчөмү жергиликтүү кеңештер белгилеген ченемдерге ылайык аныкталат.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул өзгөртүү көп жыл мурда турак үйлөргө укугу катталган, бирок алардын астындагы жер тилкелери мыйзамдуу тартипте толук жол-жоболоштурулбай калган учурлардагы маселелерди чечүүгө багытталган.
