Кыргызстанда псориаз диагнозу коюлган адамдардын саны 200 миңден кем эмес
сүрөт: depositphotos.com
27 октябрь

Кыргызстанда псориаз диагнозу коюлган адамдардын саны 200 миңден кем эмес

Кыргызстанда кеминде 200 миң адамга псориаз диагнозу коюлган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын эфиринде Республикалык дерматовенерология борборунун дарыгер-дерматовенерологу Нуржан Жумабекова билдирди.

Анын айтымында, бул оору балдарда да, чоңдордо да кездешет. Диагноз коюлган учурлардын басымдуу бөлүгү жаш курактагы адамдарга туура келет.

«Учурда Кыргызстанда псориаз диагнозу коюлган адамдардын саны 200 миңден кем эмес. Алардын болжол менен 65 пайызы жаштар», — деди дарыгер.

Псориаз — иммундук системанын иштөө өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу өнөкөт системалык оору.

Дени сак адамдын терисиндеги клеткалар болжол менен 28 күндө жаңыланса, псориаз менен ооруган адамдарда бул процесс 3–5 күндүн ичинде жүрүшү мүмкүн. Натыйжада териде күмүш түстөгү ак кабырчыктар менен капталган мүнөздүү тактар пайда болот.

Көбүнчө мындай бүдүрлөр чыканакта, тизеде, денеде жана баштын чач өскөн бөлүгүндө чыгат. Мындан тышкары, оору тырмактарды жана муундарды да жабыркатышы мүмкүн.

Жумабекованын айтымында, оору күчөгөн жана басаңдаган мезгилдер менен коштолот. Адатта, күз-кыш мезгилинде дарыгерлерге кайрылгандардын саны көбөйөт.