Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов актриса Калипа Таштановага үйлөндү
видеодон алынган кадр
27 октябрь

Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов актриса Калипа Таштановага үйлөндү

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов кыргызстандык актриса Калипа Таштановага үйлөндү. Алардын үйлөнүү тоюнан тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Той 26-октябрда Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. Салтанатка Кыргызстандын маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү катышты.

Аскаралы Мадаминов 1988-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын «экономист» адистиги боюнча аяктаган. Ар кайсы жылдары саламаттык сактоо тармагында, Жогорку Кеңеште жана спорт тармагында иштеген. 2025-жылдын сентябрынан бери маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалап келет.

Калипа Таштанова — кыргызстандык актриса. Ал «Аяш» жана «Эки дос» тасмаларындагы ролдору менен таанымал. Актриса кинодогу дебютун 2021-жылы жасап, кийин «Продается дом», «Дитя небес» жана «Приговор» тасмаларында роль жараткан.

Таштанова «Продается дом» тасмасындагы ролу үчүн Түркияда өткөн «Коркут Ата» эл аралык кинофестивалында «Эң мыкты аялдын ролу үчүн» сыйлыгына ээ болгон.