Кара-Сууда айыл чарба багытындагы жер тилкесине пайдубал тургузуп алган жаран кармалды
Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Кара-Суу районунун аймагында бир жаран айыл чарба багытындагы, трансформацияланбаган жер тилкесине уруксат берүүчү документтери жок туруп, турак жай куруу максатында пай дубал тургузгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалымат Кара-Суу РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси боюнча («Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу») кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
