Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь
Кыргызстанда бир жумада сасык тумоонун 5,5 миңден ашык учуру катталды
Кыргызстанда бир жумада курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 5,5 миңден ашык учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 40-жумасында өлкө боюнча аталган оорулардын 5 579 учуру катталган. Ведомствонун маалыматы боюнча, оорулардын деңгээли күтүлгөн көрсөткүчкө туура келет.
Катталган учурлардын 75%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Алардын арасында 4 182 учур аныкталган.
2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны 1,4 эсеге азайган.
Департамент өлкө боюнча сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана коронавирус инфекциясы боюнча жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
