«Burger King» жана «McDonald’s» бренддери үчүн азык-түлүктөрдү Кыргызстанга импорттоо маселеси талкууланды
27 октябрь

«Burger King» жана «McDonald’s» бренддери үчүн азык-түлүктөрдү Кыргызстанга импорттоо маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратында «Burger King» жана «McDonald’s» ресторан тармактары үчүн азык-түлүктөрдү Кыргызстанга импорттоо маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү.

Жолугушууга Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Шухрат Тулендиев, «РУЛОГ» компаниясынын Борбор Азия боюнча камсыздоо директору Умар Арчаков, ветеринардык көзөмөл боюнча адис Зураб Цечоев жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «РУЛОГ» компаниясынын өкүлдөрү декабрь айында Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүктөрдү жеткирүү пландалып жатканын билдиришти. Алардын катарында «Burger King» жана «McDonald’s» бренддери да аталды.

Тараптар азык-түлүктөрдү импорттоо, продукцияны ташуу жана жеткирүү шарттары, ошондой эле импорттук продукциянын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, тоок жана уй этинен даярдалган, котлет формасына келтирилген чийки эт азыктарын импорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды. Мындай продукциялар ресторандарга жеткирилип, аларды даярдоо процесси тамактануучу жайлардын өзүндө жүргүзүлөрү белгиленди.

Жеткирүү процессинде транспорт каражаттарын санитардык талаптарга ылайык пайдалануу, продукцияны ташуу жана сактоо шарттарын камсыз кылуу, ветеринардык коштоочу документтерди тариздөө жана зарыл болгон учурда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушууда импорттолуучу продукцияга карата ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жоболорду аткаруу маселелери талкууланды.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы импорттолуучу продукциянын ветеринардык-санитардык коопсуздугуна карата белгиленген талаптардын сакталышын өз компетенциясынын чегинде көзөмөлдөйт.