«АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди
2026-жылдын 23–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөн «АгроТехЭкспо – 2026» айыл чарба көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкесине 50 миңден ашуун адам келди.
• «Алтын күз» жарманкесине өлкөнүн 40 районунан 300гө жакын дыйкан-фермер жана 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана катышты. Алар өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрдү элге сунуштап, социалдык бааларда сатышты.
Үч күндүн ичинде 29 тонна органикалык азык сатылды. Ошондой эле уйдун сөөктүү этинин килограммы 680 сомдон сатылып, эл жалпы 6 тонна эт сатып алды.
• Асыл тукум мал чарбасы көргөзмөсүнө 28 асыл тукум чарбасы катышты.
Көргөзмөгө 12 баш жылкы, 35 баш ири мүйүздүү мал жана 106 баш кой-эчки алып келинди.
Алардын арасында кыргыз жылкылары, таза кандуу англис мингич жылкылары, голштино-фриз, абердин-ангус жана швиц породасындагы уйлар, ошондой эле арашан, ала-тоо жана кыргыз тоо мериносу сыяктуу койлор бар. Ак-топоз да келгендердин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Малды көрүүчүлөргө ыңгайлуу көрсөтүү үчүн 52 атайын тосмо даярдалды.
• Инновация, илим жана санариптештирүү көргөзмөсүндө дыйкандын санарип жардамчысы iDyikan платформасы тууралуу 700 адамга консультация берилип, 300 дыйкан-фермер тиркемеге катталды.
Ошондой эле айыл чарбасында метеорологиялык максаттарда, анын ичинде булуттарга реагенттерди чачуу (cloud seeding) аркылуу жасалма жаан-чачын чакыруу технологиясында колдонулган дрон, жайыт жерлеринин абалын жана деградация деңгээлин мониторингдөөчү мультиспектралдык дрон, ошондой эле жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга жана алардын абалын жакшыртуу чараларын пландаштырууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялар көрсөтүлдү.
Мындан сырткары суу өлчөмүн эсептеп бөлүштүрүүгө жардам берген жабдуулар, жасалма мөңгүлөрдү түзүү боюнча чечимдер, инвитро лабораторияда өстүрүлгөн өсүмдүктөр, малдын жана балыктын вирустук ооруларын аныктоочу каражаттар да коюлду.
Ал эми илим өкүлдөрү жайыттарды жакшыртуу, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана малды жасалма уруктандыруу боюнча маалыматтар берилди.
• Айыл чарбасынын алдыңкы техникалары көрсөтүлдү
Көргөзмөдө айыл чарба техникаларынын 17ден ашуун түрү көрсөтүлдү. Ошондой эле дыйкандардын ишин жеңилдеткен жаңы технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мисалы навигациялык система автопилот орнотулган, спутниктик маалыматтар менен башкарылган трактор.
Ошондой эле талааларды дрон менен чачыратуучу жабдуулар, техникаларды аралыктан башкаруу каражаттары, тамчылатып сугаруу системалары, күн энергиясы менен иштеген жабдуулар жана күнөскана технологиялары бар.
Жалпысынан, көргөзмө жана жарманке дыйкандарга өз продукцияларын сатууга, ишкерлерге жаңы кардарларды табууга жана заманбап айыл чарба технологиялары менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.
