ИИМ эскертет: интернетти ылдамдатуучу шектүү файлдарды орнотпоңуздар!
27 октябрь

ИИМ эскертет: интернетти ылдамдатуучу шектүү файлдарды орнотпоңуздар!

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды спутниктик интернетке акысыз туташтыруу сунуштарына байланыштуу интернет-алдамчылык фактылары болушу мүмкүн экендиги тууралуу эскертет.

Алдамчылар WhatsApp аркылуу спутниктик интернеттин сыноо иретинде ишке киргизилгени жөнүндө жалган билдирүүлөрдү таратып, акысыз туташууну жана байланыш сапатын жакшыртууну убада кылышууда. Ишенимге киргенден кийин алар интернетти жөндөөнү сунуштап, интернеттин ылдамдыгын жогорулатуучу тиркемелер катары жашырылган APK-файлдарды жөнөтүшөт.

Мындай файлдарды орнотуу түзмөккө зыяндуу программалардын жугушуна, жеке маалыматтардын уурдалышына, банктык тиркемелерге жана аккаунттарга уруксатсыз кирүүгө алып келиши мүмкүн.

Коопсуздук максатында ИИМ төмөнкүлөрдү сунуштайт:

-Мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдардан келген APK-файлдарды орнотпоңуз;

-Шектүү шилтемелерге кирбеңиз жана телефонуңузга башка адамдардын кирүүсүнө жол бербеңиз;

-Жаңы кызматтар тууралуу маалыматты расмий сайттардан жана байланыш операторлорунун өкүлдөрүнөн гана тактаңыз;

-Шектүү билдирүүлөрдү байкасаңыз, тиркелген файлдарды жүктөп албаңыз жана аларды башка колдонуучуларга жөнөтпөңүз.

Эсиңизде болсун: акысыз интернет тууралуу убада алдамчылардын тузагы болушу мүмкүн. Шектүү сунуштарга ишенбеңиз жана жеке маалыматтарыңызды сактаңыз!