Садыр Жапаров: Мамлекеттин иши шайлоо болот деп токтоп калбаш керек
Мамлекеттин иши шайлоо болот деп токтоп калбаш керек. Мындай пикирин президен Садыр Жапаров 27-октябрда Super.kg порталына берген маегинде айткан.
Мамлекет башчысы журналисттин суроосуна жооп берип жатып, мыйзамга ылайык, өз милдеттерин аткарып жаткандыгын билдирди.
"Анткени жалпы эл тарабынан шайланган президенттин ыйгарым укуктары кийинки шайланган президент ант бергенге чейин уланат. Мамлекеттин иши шайлоо болот экен деп токтоп калбаш керек да. Айрымдар 2021-жылы эмне үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматты тапшырып, шайлоого катышканымды сурашат", - деп, андагы жагдай такыр башкача болгондугун эске салды.
Учурдагы президент Садыр Жапаров ал кезде эл тарабынан шайланган президент эмес, премьер-министр, анан президенттин милдетин убактылуу аткаруучу гана болгон.
"Ошол учурдагы Конституциянын талабына ылайык, шайлоого катышуу үчүн премьер-министрлик ыйгарым укуктарымды тапшыргам.
Президенттин милдетин болсо, ошол мезгилдеги спикер Талант Мамытов аткарып калган. Ал эми бүгүн мен жалпы эл шайлаган президентмин. Кызматта турган президент менен убактылуу милдетин аткаруучу экөөнүн шайлоого катышуу укуктук макамы эки башка. Муну чаташтырбаш керек.
Акаевдин мезгилинен бери эле мыйзамдарда кызматта турган президент кызматын тапшырбай туруп шайлоого катышат деп турат. Мен келгенде эле өзгөрүп калган жок, ал мыйзам. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө ушундай норма бар. Себеби мамлекет бир дагы күн президентсиз калбашы керек", - деди ал.
