Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь
Дүйнө чемпионаты: бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева килемге чыгат
Бүгүн, 28-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер улантылат.
Мелдештин бешинчи күнүндө 53, 62, 68 жана 72 кг чейинки салмак категорияларында спортчулар күч сынашат.
Кыргызстандын курама командасынан 68 кг чейинки салмактагы Мээрим Жуманазарова мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда Фируза Эсенбаева (Өзбекстан) жана Сришти (Индия) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Ал эми 72 кг чейинки салмактагы Нурзат Нуртаева биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, жарым финалга чыгуу үчүн беттеште Розанна Бэлл (АКШ) жана Бусе Тосун (Түркия) жубунун жеңүүчүсү менен күч сынашат.
Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.
