Садыр Жапаров: Шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Садыр Жапаров: Шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт

Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 27-октябрда Super.kg порталына берген маегинде билдирген. 

Анын айтымына караганда, шайлоо системасы өзгөрүп, толук автоматташтырылып, электрондошту.

"Адам фактору аралашпайт. Мурдагыдай миллиондогон бюллетендер алдын ала басылып чыкпайт. Мурдагыдай ар бир участокко 200-300дөн ашыкча бюллетень даярдап коюу деген жок. Шайлоочу келгенде бюллетень ошол жерден чыгарылып, ар бир жаран өз добушун берет. Бул дагы шайлоонун ачыктыгын, кайсы бир талапкерге илгеркидей ашыкча бюллетендерди кошуп жибербеш үчүн алдын алган механизмдердин бири", - деген ал.

Президент эң башкысы, шайлоо таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшү керектигин баса белгилеген.

"Ким талапкер болуп шайлоого катышам десе ак жол. Ар бир жаран өз тандоосун өзү жасайт. Кимди президент кылып шайлоону көпчүлүк эл өзү чечет.

Шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт. Эгер административдик ресурсту пайдаланайын десем, эл менен жолукпай эле мурдагыдай кабинетте отуруп алып, акимдерди, министрлерди чакырып, тапшырма берип койсом көпчүлүк добушту алып беришмек. Бирок мен андай жолду тандабайм. Таза шайлоо менен чыныгы элдин добушун алышым керек", - деген Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.