Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт — президент Жапаров
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 октябрь

Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт — президент Жапаров

Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 27-октябрда Super.kg порталына берген маегинде билдирген. 

Президент маегинде анын азыркы эл менен жолугушууларын үгүт катары кабыл алуу туура эмес дейт.

"Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм. Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим.

Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок", - деди.

Мамлекет башчысы эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырбагандыгын кыйытты.

"Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок. Мурда шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди үгүт иштерине аралаштырып, добуш топтоткон мезгилди элдин баары унута элек. Бүгүн андай тапшырма жок. Каалаган мамлекеттик кызматкерден сурап көргүлө, кимди шайлоо үчүн иштөөгө мажбурлап жатыптырбыз?", - деди президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.