Ч. Валиханов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу кайсы этапта?
2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Ч. Валиханов көчөсүнүн кесилишинде («Тещин язык» деп аталган жерде) салынып жаткан көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Учурда объектте көпүрөнүн устундарын орнотуу жана конструкцияларын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоорго ылайык, көпүрө алты тилкелүү болот жана жалпы узундугу 90 метрди түзөт. Көпүрөнүн эки тарабында тең туурасы 3 метрден болгон жөө адамдар өтүүчү тротуарлар каралган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттө аякташын жана аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыздоону тапшырды.
Аба ырайынын шарттары ыңгайлуу болсо, көпүрөнүн курулушун аяктап, объектти 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
