Манас шаарында жарандык коргонуу боюнча жыйын өттү
Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борбору
28 октябрь

Манас шаарында жарандык коргонуу боюнча жыйын өттү

Күн мурун, 27-октябрда Манас шаарынын мэриясында жарандык коргонуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу  Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борборунан кабарлашты.

Жыйынга Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Аваз Болтоев, аймактык башкармалыктардын башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жарандык коргонуу багытындагы маалыматтарды берип, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу себептери, алардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.