Дерматолог псориаз тууралуу кеңири тараган мифти четке какты: оору жугуштуу эмес
сүрөт: depositphotos.com
28 октябрь

Дерматолог псориаз тууралуу кеңири тараган мифти четке какты: оору жугуштуу эмес

Псориаз — адамдан адамга жукпаган, күнүмдүк байланыш аркылуу берилбеген өнөкөт оору. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Республикалык дерматовенерология борборунун дарыгер-дерматовенерологу Нуржан Жумабекова билдирди.

«Псориаз кол алышуу, кучакташуу, жалпы идиш-аякты колдонуу же бассейнге түшүү аркылуу жукпайт», — деп баса белгиледи дарыгер.

Анын айтымында, псориазды жугуштуу оору деп эсептөө — коомчулукта кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөрдүн бири.

Теридеги көзгө көрүнгөн бүдүрлөрдөн жана тактардан улам псориаз менен жашаган адамдар айланадагылардын терс мамилесине көп кабылышат. Мунун натыйжасында алар уялып, тынчсызданып, башкалар менен баарлашуудан кача башташы мүмкүн.

Жумабекова белгилегендей, мындай коомдук басмырлоо адамдын абалын ого бетер оорлотушу мүмкүн. Анткени стресс псориаздын күчөшүнө түрткү болгон факторлордун бири болуп саналат.

Дарыгер псориаз инфекция эмес, иммундук системанын иштешине байланыштуу өнөкөт оору экенин белгиледи.

Ошондой эле терисинде кабырчыктанып, түлөп турган тактарды байкаган жарандарды өз алдынча дарыланбай, дерматологго кайрылууга чакырды.