Кыргызстанда 5 гектарга чейинки айыл чарба жерлерин бөлүүгө тыюу салуу сунушталууда
28 октябрь

Кыргызстанда 5 гектарга чейинки айыл чарба жерлерин бөлүүгө тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда аянты 5 гектарга чейинки айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн бөлүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жер кодексине киргизүү демилгесин Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, демилге айыл чарба жерлерин майда бөлүктөргө бөлүп жиберүүнүн алдын алууга жана аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.

Ошол эле учурда айрым учурларда жер тилкелерин бөлүүгө уруксат берүү каралган. Атап айтканда, жер мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынганда, ошондой эле жер мунапысына байланыштуу ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда жерди бөлүүгө мүмкүн болот.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жалпы үй-бүлөлүк жер үлүшүнөн жеке адамга тиешелүү үлүштү бөлүп алып, өз алдынча жер тилкесин түзүүгө уруксат берүү сунушталууда.