Шарк айылынын башчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
12 октябрь

Шарк айылынын башчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү тургундар  С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э. жасалма документтердин негизинде ар бири  0,5 га жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. 

Бул факты 2024-жылдын 26-сентябрь күнү каттоого алынып, менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Текшерүүнүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагында жайгашкан айылдардын биринде айыл башчы болуп эмгектенген  1965-жылы туулган С.Б. Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн  10 000 (он миң) АКШ долларын пара катары сунуштаган. 

Бул факты  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө катталып, чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. 

2024-жылдын 10-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында айыл башчы С.Б. тергөөчү кызматкердин иш бөлмөсүндө текшерүүнү токтотуу үчүн  10 000 (он миң) АКШ долларын пара катары берип жаткан учурда  шектүү катары  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы