Жалал-Абадда юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды
20 октябрь

Жалал-Абадда юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Күн мурун Жалал-Абад шаарында «Юстиция үйүнүн» жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти. 

Имарат үч кабаттуу болуп, анда бир катар бөлүмдөр жайгашат. Алар:

  • юридикалык жардам кызматы,
  • Пробация департаменти,
  • мамлекеттик нотариустар,
  • юридикалык жактарды каттоо бөлүмү,
  • калкка юридикалык,
  • амлекеттик кызмат көрсөтүүчү башка бөлүмдөр.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарын мэри Э.Ормоков, Юстиция башкармалыгынын начальниги Б.Жайлообаев, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узакбаев катышты.

 Шаар мэри юстиция кызматкерлерин жаңы имараттын курулушунун башталышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.