Жалал-Абадда юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды
Күн мурун Жалал-Абад шаарында «Юстиция үйүнүн» жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.
Имарат үч кабаттуу болуп, анда бир катар бөлүмдөр жайгашат. Алар:
- юридикалык жардам кызматы,
- Пробация департаменти,
- мамлекеттик нотариустар,
- юридикалык жактарды каттоо бөлүмү,
- калкка юридикалык,
- амлекеттик кызмат көрсөтүүчү башка бөлүмдөр.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарын мэри Э.Ормоков, Юстиция башкармалыгынын начальниги Б.Жайлообаев, Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узакбаев катышты.
Шаар мэри юстиция кызматкерлерин жаңы имараттын курулушунун башталышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
20.10.2024 16:32:09
