Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Садыр Жапаров Кой-Таш окуясы боюнча чыгарылган чечим боюнча пикирин билдирди
4 июнь

Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Садыр Жапаров Кой-Таш окуясы боюнча чыгарылган чечим боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуясы боюнча чыгарылган соттун чечими боюнча пикирин билдирди. Маекти мамлекеттик "Кабар" агенттиги жарыялады. 

Президент өз пикиринде соттун чечимин эч ким өзгөртө албай тургандыгын айткан. 

"Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот", - деп,  Кой-Таш окуясына алты жыл болгондугун эске салган. 

Садыр Жапаров соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деген ойдо.

"Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал - мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек", - деген ал.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга кесилди.