Алмазбек Атамбаев 11,5 жылга кесилди, тарапташтарына дагы өкүм чыкты
3 июнь

Алмазбек Атамбаев 11,5 жылга кесилди, тарапташтарына дагы өкүм чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга кесилди.

Биринчи май райондук сотунда 3-июнда кечинде отурум аяктады. Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу да чечим кабыл алынган. Отурумду судья Азирет Медеров алып барды.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевден башка төмөнкүлөргө да соттун өкүмү чыкты:

  • Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай;
  • Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
  • Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 ай;
  • Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай;
  • Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
  • Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай;
  • Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
  • Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.