Атантай Акбаров, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУЖСнын Төрагасынын орун басары: Сыйлык – наам жоопкерчиликти күчөтөт!...
– Эл аралык деңгээлдеги “Жылдын мыкты акыны” наамыңыз менен куттуктайм агай! Кыргыз эли үчүн чоң сыймык болду! Сизди чыгармачылык жолдо Сиднейге алып барган сапар тууралуу айтып бериңизчи. Кыргыз акыны катары алыскы материкте сөз сүйлөө – жоопкерчиликти күчөттүбү же эркиндик бердиби?
– Кыргыз адабиятынын алыскы материктеги жеңишин камсыз кылган бул сапарга атайын көңүл бурганыңа ырахмат, калемдеш карындашым! Албетте, мыкты чыгарма жаратуу үчүн акын – жазуучулар ириде эркин болушу керек. Ошол эле мезгилде ар кандай сыйлык – наамдар калемгерди дагы терең жазуу үчүн шыктандыруу менен катар эле чоң жоопкерчилик да жүктөйт. Дагы жаңы табылгаларды издөөгө, дүйнөлүк деңгээлдеги орошон ойлорду айтууга милдеткер кылат.
– Ал жактагы жолугушууларда кыргыз адабиятына, поэзиясына болгон мамиле Сиз күткөндөй болдубу?
– Албетте. Кыргыз адабияты кантсе да элдик оозеки чыгармачылыкта “Манас” баш болгон дастандарды, кесипкөй адабиятта Ч.Айтматов сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги улуу жазуучуну берген, Алыкул, Сүйүнбай, Сооронбай, Омор, Жолон сыяктуу ондогон мыкты акындарды берген түптүү адабият эмеспи. Ошондой алптардан кийин өзүчө жол салуу, дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларды жазуунун өзү өтө оор иш. Бирок, бул жолу Сиднейде менин сүйлөгөн сөзүмдү да, окуган ырымды да абдан жакшы кабыл алышты. Алгач Кыргызстан, кыргыз поэзиясы, анан менин поэзиям тууралуу англис, кытай тилдеринде маалымат берилди. Андан соң мага “Жылдын мыкты акыны” – деген сыйлык жана диплом тапшырылды. Ошондон кийин мен сүйлөп, ыр окуган соң, сөзүм менен ырымдын англисче текстин угушкан соң мени абдан жакшы кабыл алышып, сүрөп кыйкырышып, көпкө чейин кол чаап турушту. Чынын айтканда эки жүздөй акындын ичинен эч кимди анчалык деңгээлде кубаттоо болгон жок.
– Чет жерде жашап жаткан кыргыздардын руханий абалы тууралуу кандай ойдо болуп турасыз?
– Сиднейдин айтылуу опера – балет театрындагы ошол сыйлык тапшыруу аземинен кийин сыртка чыкканыбызда менин калпагымды көрүп, айрым жаштар чогулушту. Куттукташты. Алар казак жаштары экен. Сиднейде иштеп, жашап жүргөн кыргыз жаштары болсо да бул жолу жолуга албадык. Өзбекстандын Хорезм областынан барып иштеп жүргөн бир корей жигит да менин калпагымды көрүп келип, учурашып, бир топто айланчыктап турду. Жолуккандардын баарынын тең ал – абалын сурап, жигерлендирип, колдоо сөздөрүк айттык.
– Поэзия тилди гана эмес, элдин тагдырын да көтөрүп жүрөт деп айтылат. Сиз окуган ырлардын кайсы саптары ал жакта өзгөчө кабыл алынды? Чет элдик окурмандар кыргыз поэзиясынан эмнени түшүнө алышат деп ойлойсуз.
– Туура айтасың? Поэзияда тилдин тагдыры да, элдин тагдыры да, кылымдын тагдыры да баары бар. Биздин угармандар өздөрү кесипкөй акындар болушкан соң Америкадан келгени да, Европадан, Кытайдан, деги эле дүйнөнүн кайсыл бурчунан келбесин кыргыз поэзиясынын жаңычылдыгына, кайталангыстыгына, ойлорунун тереңдигине, психологизм менен философияга каныккандыгына, ал турсун метафоралардагы күтүлбөгөндөй салыштырууларга чейин кубаттап, жакшы тажрыйбаларды өздөрүнө сиңирип калууга аракеттенинип жатышты. Алардын андай далалатын мен окуган ыр окуган соң дароо келе калып, мактоо айтышып, ырларымды телефондоруна тарта калышып, ушул ырларыңызды которсом болобу деп уруксат сурап жаткандыгынын улам байкадым. Америкалык акын Султан Катто менен бири – бирибиздин ырларыбызды которуу, өз ара байланышта болуу тууралуу сүйлөштүк. Америкада чоңоюп,Нью – Йорк университетинде сабак берген ал академик агабыздын улуту карачай экен.
– Жол, сапар – адамды тазалайт, жаңылайт эмеси. Бул сапар сизден эмнени алды жана Сизге эмнени берди?
– Ооба, жол, сапара адамды тазалайт да, таразалайт дагы. Мен акын катары өзүмдүн чыгармачылык камылгамдын жакшы экендигине жана жакшы чыгармаларды жаратып келатканыма шүгүрчүлүк келтирдим. Өкүнгөнүм – англис, кытай тилдерин билбегендигим болду. Анткени, эл аралык сынактарда жалаң эле котормочунун оозун карап олтурбай, калемдештер менен өзүң эркин сүйлөшүп, баарлашканга не жетсин. Менин ынынганым – эң башкысы жакшы чыгармаларды жарата бериш керек экен. Албетте, жакшы чыгармалар жан дүйнөң таза болгондо гана берилет. Эл аралык сынактарга катышып туруу өзүңдүн ким экендигиңди, жаратмандык иштериңдин дарамети кандай экендигин түшүнүүгө негиз болот.
Бүгүнкү кыргыз поэзиясынын деңгээли жакшы. Коңшулаш өзбек, казак жаш акындарынын жаңыча жол издеп, умтулуулары да жакшы. Бирок, биздин акындарыбыз өз ордунда турушу үчүн өтө көп тоскоолдорду жеңип өтүшү керек. Эң башкысы ошол дүйнөлүк тилдерде эркин сүйлөө маселеси. Анан, албетте, алдыда мыкты котормочуларды даярдоо, аларга кам көрүү маселеси турат. Ал эми акындар дүйнөгө чыгуу үчүн мыкты деңгээли, дүйнөгө айтар өз сөзү, ою, кайталангыс жан дүйнөсү, адабий камылгасы керек. Анан бирдемелерди сактайм деп олтурбастан, канондорду бузуп, жаңы чектерди жаратышы керек.
– Улуттук уңгу менен заманбап ойдун ортосундагы тең салмакты кантип сактап кала алабыз?
– Азыр дүйнөлөшүү жутуп кетпесин үчүн бизге улуттук уңгу жол абдан керек. Биз ар кимди ээрчибей накта кыргыздын көкүрөгүн сакташыбыз керек. Ал маселени алдакачан аңдаган Ч.Айтматов ошончүн маңкурт маселесин көтөрүп чыккан эмеспи. Заманбап ой деген деле дал ошол адам жан дүйнөсүн, сактоо. Телефон кулчулугунан, башкача айтканда технологиянын кулу болуп калуудан сактанып, элибиздин эгемен, илим – билимдүү эл бойдон калышын камсыз кылуу. Башкача айтканда түркөйлөнүп замандан артта да калбаш керек, “жолоочунун ээрчип ит өлөт” – болуп кыргыздык өзгөчөлүгүбүздөн ажырып, өз мамлекеттүүлүгүбүздү, элдик өзгөчөлүгүбүздү, өз руханий дүйнөбүздү да жоготуп албашыбыз керек.
– Сиз үчүн поэзия миссиябы же тагдырбы? Бүгүн калем кармаган жаш акындар эң көп кайсы катаны кетирип жатышат?
– “Мен дүйнөгө экинчи ирет жаралбайм,
А жаралсам, акын болбой кала албайм.” – деп мен бир кезде айтмакчы поэзия бул менин тагдырым. Экинчиси:
“Адам дили ыр окуса оңолот,
Акыны жок калган улут жоголот!” – деп да бир жаздым эле. Анан калса:
“Адеп, уят Жерди сактап тура алат,
Адабият өлсө болот Кыямат!” – деп да жазгам. – Андыктан, поэзия бул мага тагылган ыйык миссия деп да айта алам.
Жаштарыбыз таланттуу. Ыр жазуу формаларында, өзгөчө ой айтуу жагында да өзгөчөлүктөрү бар. Болгону эле көпчүлүк жаштардын масштабы тар экени байкалат Көбүнөсө дүйнөнүн караңгы, кайгылуу жактарын гана көрүшүп, бактысыз сүйүү менен эле чектелип калгандары да аз эмес.
– Сиздин жаш кезиңиздеги поэзия менен бүгүнкү поэзиянын ортосундагы эң чоң айырма эмнеде, мисалы тематикалык, сапаттык ж.б.
– Биздин эң чоң жеңишибиз биз соцреализм кысымынан чыкканыбыз болгон. Бизди компартияны, Ленинди макта, социализмди макта деген эч ким болгон жок. Ошол эле убакта, бирин – экин эле жупкадай китептерди чыгарып калбасак, китептерди өз чөнтөгүңдөн чыгарып калуу көйгөйү жаралды. Ошон үчүн китептер массалык нуска менен басылып, мурункудай китеп дүкөндөрү аркылуу сатылбай, калем акы берилбей калды. Ал турсун жумуш жок, бала – бакыраны багуу түйшүгү кыйындап, көпчүлүк замандаштарыбыз чет элге миграцияга кетүүгө аргасыз болду.
Бирок, биздин адабий даярдык алып, айрымдарыбыз “Арашан” чыгармачылык үйүндө өткөрүлгөн семинарларга катышып, орус жана дүйнөлүк поэзиядан сабак алып калгандыгыбыз чоң олжо болду көрүнөт. Бирок, эгемендикти сактап калуу кыйынга туруп, чек ара көйгөйлөрү чечилбей, ички – тышкы чыр – чатактардын болуп турушу, миграция көйгөйлөрү жүрөктү шала – шала тилип турду. Канткен менен биздин убакта биз карап-түздөнчү акындар арбын эле. Чыгарма жаратуудагы алардын тематикалары да бай болчу. Ошон үчүн биз дагы дүйнөнү, жан дүйнөнү көп кырдуу, көп сырдуу жактан карай алганга мүмкүнчүлүк алгандай болдук. Ошол дасмия (аны баары эле өздөштүрө албаса да) көпчүлүк дараметтүү акындар үчүн руханий гүлазык болуп келди окшойт.
Азыр дүйнө тез өзгөрүп жатат. Демек, жаңычылдыктарды тез кабылдоо менен катар эле көптөгөн көйгөйлөр да калкып чыгып жатат. Андыктан, жаш акындар үчүн жаңы тематикалар да, түбөлүктүү темалар да бар. Шүгүр, көч токтоп калган жок. Жаш, потенциалдуу акындарыбыз да жок эмес. Демек, кыргыз поэзиясынын келечеги да бар.
Махабат Саидрахманова
Атантай Акбаров, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУЖСнын Төрагасынын орун басары.
