Түштүк Кореяда мурдагы президент Юн Сок Ёль жети жылга эркинен ажыратылды
Түштүк Кореянын Жогорку соту мурдагы президент Юн Сок Ёлго чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Ал сот адилеттигине тоскоолдук кылган деген иш боюнча акыркы чечим менен жети жылга эркинен ажыратылды.
Бул — 2024-жылдын декабрында аскердик абал киргизүү аракетине байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча өлкөнүн эң жогорку сот инстанциясы чыгарган алгачкы чечим.
Yonhap агенттигинин маалыматына ылайык, Жогорку сот төмөнкү инстанциянын мыйзамды колдонууда ката кетирбегенин белгиледи. Буга чейин, апрель айында Сеулдун Жогорку соту Юн Сок Ёлдун жаза мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узарткан.
Мурдагы президентке президенттик күзөт кызматын пайдаланып, аскердик абалга байланыштуу окуялардан кийин аны камакка алуу боюнча чыгарылган ордерди коррупцияга каршы мекеменин аткаруусуна тоскоолдук кылган деген айып тагылган.
Ошондой эле сот аскердик абалды жарыялоо жол-жобосун бузуу, документтерди жасалмалоо жана чет элдик маалымат каражаттарына жалган маалымат таратуу боюнча эпизоддорду да караган.
Жогорку сот тинтүү жана камакка алуу боюнча ордерлердин мыйзамдуу негизде жүргүзүлгөнүн ырастады.
Юн Сок Ёль импичмент жарыялангандан кийин президенттик кызматтан четтетилген. Анын 2024-жылдын декабрь айында кыска мөөнөткө аскердик абал киргизүү чечими Түштүк Кореяда олуттуу саясий кризиске алып келген.
