2027-жылдан тартып социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат. Ким канча алат?
24 октябрь

2027-жылдан тартып социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат. Ким канча алат?

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тартып социалдык төлөмдөрдүн жана компенсациялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы Максат Туларбек кызы “Биринчи радионун” эфиринде кимге канча акча кошулаарын айтып берди.

Ал белгилегендей, бала кезден майыптуулугу бар 18 жашка чейинки, бала кезинен майыптуулугу бар 18 жаштан жогорку жарандарга, оорудан улам майыптуулукка чыккан 18 жашка чейинки жана андан кийинки жарандарга, улгайган адамдарга, бир же эки камкорчусунан ажыраган 18 жашка чейинки балдарга, Баатыр энелерге берилчү социалдык төлөмдөр жогорулатылат. Андан тышкары Баткен, Ош, Аксы окуяларынан жабыркаган жана каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө да төлөнчү төлөмдүн өлчөмү көбөйтүлдү.

Туларбек кызынын айтымында, бала кезинен майыптуулугу бар 18 жашка чейинкилер учурда 8 миң сом жөлөкпул алышат, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып ал 11 миңге жогорулайт. Бул бала кезинен майыптуулугу бар 18 жаштан ашкан, учурда 1-топтогу майып катары каттоодо тургандарга да таандык.

Ал эми бала кезинен майыптуулугу бар 18 жаштан ашкан, 2- топтогулар учурда 6600 сом алышат, келерки жылдан тартып – 9600 сом. 3-топтогулар азыр – 5400, келерки жылы – 8400.

Оорудан улам майып болгон 1-топтогулар: азыр – 5500 сом, келерки жылдан тартып – 8500 сом. 2-топтогулар: азыр – 3 миң сом, келерки жылдан тартып – 6 миң. 3-топтогулар: азыр – 2 миң, келерки жылы – 5 миң.

Баатыр энелер азыр 3 миң сом кошумча төлөм алышат, 2027-жылы бул сумма 4 миңге жетет.

Кары адамдарга учурда 2 миң сом төлөнсө, келерки жылдан тартып 3 миң сомдон төлөнө баштайт.

Аксы жана Ош окуяларынан жабыр тарткандарга жана каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө буга чейин ай сайын 4500 сом жөлөкпул алып келсе, эми 5500 сом болот.

2021- жана 2022-жылдагы Баткен окуясынан жабыркаган жарандарга жана каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнчү төлөм 5500 сомдон 6500 сомго көбөйтүлөт.

Ал эми жеңилдиктердин ордуна берилген компенсацияларды 23 категория алып келет. Алардын баарына миң сомдон кошулат.

“Бул төлөмдөр бийик тоолуу жана алыкы райондордо жашаган жарандарга ошол калктуу конуштарда белгиленген коэффициентти эске алуу менен бекитилет”, - деди Максат Туларбек кызы.