LIRA-FEM 2026: Курулуш конструкцияларын эсептөөнүн заманбап ыкмалары талкууланды
24 октябрь

LIRA-FEM 2026: Курулуш конструкцияларын эсептөөнүн заманбап ыкмалары талкууланды

22–23-октябрь күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде LIRA-FEM 2026 программалык комплексинде курулуш конструкцияларын эсептөөнүн заманбап ыкмалары жана программаны Кыргызстанда жаңыланып жаткан курулуш ченемдерине ылайыкташтыруу боюнча эки күндүк практикалык семинар өттү.

Иш-чараны министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту уюштурду. Семинарга министрдин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев, инженер-долбоорчулар, долбоорлоо институттарынын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.

Семинардын жүрүшүндө “Архи-Лаб” ЖЧКсынын башкы директору Жылдыз Бекболотова улуттук курулуш ченемдерин жаңылоо жана аларды эсептөөчү программалык камсыздоодо колдонуу өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Ал эми Алматы шаарынан келген “LIRALAND_KZ” ЖЧКсынын эксперттери — директор Роман Водопьянов, инженер Владислав Шестаков жана башкы адис Виктор Губченко LIRA-FEM 2026 программасынын акыркы версиясында эсептик моделдерди түзүү, имараттардын пайдубалдарын моделдөө жана сейсмикалык таасирлерди талдоо боюнча мастер-класстарды өткөрүштү.

Семинардын экинчи күнүндө тегерек стол уюштурулуп, реалдуу долбоорлордун негизинде конструкцияларды моделдөө жана сейсмикалык таасирлерди эсептөө маселелери талкууланды. Катышуучулар программаны иштеп чыгуучулардан кеңештерди алышты.

Иш-чаранын негизги максаты — заманбап инженердик тажрыйбаны жана санариптик технологияларды жайылтуу, ошондой эле сейсмикалык кооптуу аймактарда курулган имараттардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.