Ош: 140 орундуу көркөм өнөр мектеп-интернатынын курулушу аяктады
24 октябрь

Ош: 140 орундуу көркөм өнөр мектеп-интернатынын курулушу аяктады

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм өнөр мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.

Имараттын жалпы аянты 1 904,25 чарчы метрди түзөт. Комплекстин курамына эки кабаттуу окуу корпусу жана спорттук блок кирет.

Окуу процессин уюштуруу үчүн сүрөт искусствосу боюнча кабинеттер, чыгармачылык иштерди аткаруучу бөлмөлөр, компьютердик класс жана китепкана каралган. Ошондой эле мектеп-интернатта сахна, жыйындар залы жана спорттук блок да бар.

Учурда объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.