сүрөт: depositphotos.com
24 октябрь
Бишкектин айрым аймактарында 27-октябрда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 27-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин таза суу жок болот, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу Малдыбаев, Ахунбаев, Тыныстанов, Абдрахманов, Саманчин көчөсү жана 9-кичи райондо жок болот.
Диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
