Ош шаарында 700 катышуучунун катышуусунда массалык чуркоо өттү
Ош мэриясы
25 октябрь

Ош шаарында 700 катышуучунун катышуусунда массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгесинин алкагында массалык чуркоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

Иш-чаранын ачылышына Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардан 500дөн ашуун студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы катышуучулардын саны 700 адамды түздү.

Салтанаттуу ачылыш аземинде белгиленгендей, бүгүнкү иш-чара жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул - жаш муундун сергек жашоого болгон умтулуусун, коомдогу биримдикти, ынтымакты жана өлкөбүздүн келечегине болгон жоопкерчиликти даңазалаган маанилүү демилге.

"Жаштардын интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү - өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарынын бири. Анткени билимдүү, дени сак, мекенчил жана демилгелүү жаштар - мамлекетибиздин келечеги", - деп белгиленди иш-чарада.

Массалык чуркоонун жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланды.