Кыргызстан 2026-жылы дүйнөдөгү экономикасы эң тез өсүп жаткан беш өлкөнүн катарына кирди
сүрөт: depositphotos.com
24 октябрь

Кыргызстан 2026-жылы дүйнөдөгү экономикасы эң тез өсүп жаткан беш өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан 2026-жылы экономикалык өсүшү эң жогору болгон өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде бешинчи орунду ээледи.

Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) октябрь айындагы болжолуна таянып, Facebook баракчасына жазды.

ЭВФтин маалыматына ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын реалдуу ички дүң продукциясы (ИДП) 9%га өсөт деп болжолдонууда. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Рейтингде биринчи орунду экономикасынын өсүшү 22,3%ды түзөт деп күтүлүп жаткан Гайана ээледи. Өлкөнүн экономикалык өсүшүнө мунай секторунун тез өнүгүшү негизги түрткү болууда.

Экинчи орунда 10,7%дык көрсөткүч менен Тайвань турат. Анын экономикасынын өсүшүнө технологияларга жана жасалма интеллектке байланышкан продукцияларга болгон суроо-талап колдоо көрсөтүүдө.

Үчүнчү орунду 10,5% менен Түштүк Судан, төртүнчү орунду 9,2% менен Эфиопия ээледи. Кыргызстан 9%дык көрсөткүч менен бешинчи орунга жайгашты.

Андан кийинки орундарда Вьетнам (8,4%), Өзбекстан (7,8%) жана Руанда (7,4%) турат.

ЭВФтин болжолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөлүк экономика 3,1%га өсөт. Демек, Кыргызстандын экономикасынын күтүлүп жаткан өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик үч эсе жогору болот.