Ала-Тоо аянтында «Урааным Манас» долбоорунун бет ачары уюштурулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 октябрь

Ала-Тоо аянтында «Урааным Манас» долбоорунун бет ачары уюштурулат

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында 30-октябрда «Урааным Манас» долбоорунун бет ачары уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары катышат.

Долбоордун негизги максаты — улуу «Манас» эпосу аркылуу жаш муундун мекенчилдик сезимин калыптандыруу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана ата-бабалардан мураска калган руханий байлыкты кеңири жайылтуу.

Иш-чара жаштарды кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук мурастарын урматтоого үндөп, мекенге болгон сүйүүнү арттырууга багытталган.