Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 октябрь

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшөт

Грек-рим күрөшү боюнча Улуттук курамасынын мүчөсү Акжол Махмудов (82 кг чейин) Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло медалы үчүн күрөшөт.

Акжол Махмудовдун турнирдеги басып өткөн жолу:

1/16 финал: Мелдешти ийгиликтүү баштап, египеттик Эмад Ашраф Абу-Латтаны 5:1 эсебинде жеңди;

1/8 финал: Грузиялык балбан Гела Болквадзени 9:0 ири эсебинде утту;

1/4 финал: Азербайжандык спортчуга 0:6 эсебинде утулуп жатып, акыркы секунддарда камбэк жасап, 7:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды;

1/2 финал: Жарым финалдык таймашта Туркиялык балбанга 0:6 эсебинде утулуп калды.

Бүгүн, 25-октябрда, Акжол Махмудов 3-орун (коло медаль) үчүн күч сынашат.