Абдурасул Сандыбаев: «500 миң сом балама үй алууга чоң жардам болду»
24 октябрь

Абдурасул Сандыбаев: «500 миң сом балама үй алууга чоң жардам болду»

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Юрий Алексеевич Гагарин атындагы орто мектептин музыка мугалими Абдурасул Сандыбаев «Жылдын мыкты мугалими – 2026» республикалык сынагында жеңүүчү аталып, 500 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Музыка сабагында интерактивдүү жана чыгармачыл ыкмаларды колдонгон мугалим менен жеңиштин артындагы эмгек, сыйлыктын мааниси жана мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги тууралуу маектештик.

– Абдурасул агай, Мугалимдер күнүнө карата өткөрүлгөн сынакта жеңүүчү аталып, 500 миң сом утуп алдыңыз. Бул кабарды укканда кандай сезимде болдуңуз?

– Чынын айтсам, бул жеңиш мен үчүн күтүүсүз болду. «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагында жеңүүчү аталып, 500 миң сомдук сыйлыкка татыктуу болгонума абдан кубандым. Муну эмгегимдин бааланганы катары кабыл алдым. Мени бул сыйлыкка татыктуу деп тапкан комиссиянын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле мугалимдерге өзгөчө көңүл буруп, алардын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жаткандыгы үчүн өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичке ыраазычылык айтам. Мындай колдоо мугалимдерге дем берип, өз кесибине болгон жоопкерчилигин жана шыктануу сезимин арттырат.

– Сынакка катышууга эмне түрткү болду? Даярдык учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

– Көп жылдан бери мындай сынактарга катышып, өзүмдү сынап көргүм келип жүрчү. Быйыл бардык предметтердин мугалимдерине катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн, өз багытым боюнча күчүмдү сынап көрүүнү чечтим.

Албетте, чоң сынакка даярданууда толкундануу да, кыйынчылык да болот. Мындай таймашка адам психологиялык жактан да даяр болушу керек. Эгер кыйынчылык болбосо, жеңиштин баркы да билинбейт деп ойлойм. Менин жеңишке жетишиме сабактарда интерактивдүү ыкмаларды колдонгонум, долбоордук топтор менен иштегеним жана окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө басым жасаганым жардам берди. Айрыкча, балдардын өздөрүнө музыкалык аспаптарды ойнотуп, сабакка активдүү катыштырууга аракет кылам. Музыка сабагы балдар үчүн жөн гана теорияны үйрөнүү эмес, өз талантын көрсөтүп, чыгармачылыгын өнүктүрө турган сабак болушу керек.

– Утуп алган 500 миң сомду кайсы максатка жумшоону пландап жатасыз?

– Бул сыйлык жеке жашоомо да чоң жардам болду. Шаарда жашаган балама үй алып берүүнү көптөн бери ойлонуп, аракет кылып келгем. Эми утуп алган 500 миң сомду курулуш компанияларына берип, үйдүн баштапкы төлөмүнө жумшайм.

Ата-эне үчүн баласына шарт түзүп берүү чоң тилек эмеспи. Ушул жагынан алганда, жеңишимдин мага жана үй-бүлөмө пайдасы чоң болду. Жаратканга ыраазымын көптөн берки тилегиме бир кадам жакындадым.

– Бул жеңиш сизге кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты? Окуучулар менен иштөөңүзгө таасири болобу?

– Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Коом да, технология да жаңыланууда. Мындай шартта мугалим дагы өз билимин тынымсыз өркүндөтүп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп турушу керек.

Мен да мындан ары окуучуларга сапаттуу билим берип, алардын жөндөмүн ачууга көбүрөөк аракет кылам. Технология өнүгүп жаткан учурда биз андан артта калбастан, заманбап ыкмаларды сабактарга киргизишибиз зарыл. Балдарга музыканы үйрөтүү менен бирге улуттук маданиятыбызды, каада-салтыбызды, улуттук музыкалык мурасыбызды да жеткирүү – биздин милдетибиз. Бул жеңиш мага мындан ары да изденип, өзүмдүн үстүмдөн иштөөгө чоң дем берди.

– Сиздин оюңузча, «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын мурдагы сынактардан өзгөчөлүгү эмнеде?

– Мурда мындай сынактарга негизги предметтердин мугалимдери катышчу. Азыр бардык предметтер боюнча мугалимдерге өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө шарт түзүлүп жатканы жакшы көрүнүш деп эсептейм.

Ар бир предметтин өзгөчөлүгү бар. Музыка мугалими да, математика же тил мугалими да балдардын билим алуусуна жана тарбиясына салым кошот. Ошондуктан ар бир мугалимдин эмгегин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилиши маанилүү. Мындай сынактар мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна, жаңы ыкмаларды үйрөнүүсүнө жана кесиптик жактан өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

– Жогорку сыйлыкка ээ болуу чоң жоопкерчиликти да жүктөйт эмеспи. Бул жоопкерчиликти кандай түшүнөсүз?

– Албетте, чоң сыйлыкты алгандан кийин жоопкерчилик да жогорулайт. Эми ушул ишенимге татыктуу болуп, жетишкен деңгээлимди сактап калууга аракет кылышым керек. Ал үчүн өз билимимди өркүндөтүп, окуучуларга сапаттуу билим жана тарбия берүүгө милдеттүүмүн.

Музыка сабагы аркылуу балдардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп гана тим болбостон, алардын улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырууну да маанилүү деп эсептейм. Улуттук ыр-күүлөрүбүздү, музыкалык мурасыбызды жаш муунга жеткирүү – биздин чоң милдетибиз. Мен бул жеңишти жеке жетишкендигим катары гана эмес, мугалимдик кесипке көрсөтүлгөн ишеним катары да кабыл алдым. Ошол ишенимди актоо үчүн мындан ары да талыкпай эмгектене берем.