Кадамжай шаарында 90 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 июль

Кадамжай шаарында 90 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады

Кадамжай шаарындагы «Аленушка» балдар бакчасынын курулушу аяктап, пайдаланууга даяр, деп кабарлайт президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү.

Аталган бала бакча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Аймактык экономикалык өнүгүү долбоору (ПРЭР-2) аркылуу курулду.

Долбоордун жалпы наркы 69 миллион сомду түздү.

Эки кабаттуу бала бакча 90 орунга ылайыкташтырылып, анда балдардын сапаттуу билим алып, тарбиялануусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Имарат окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр, жылытуу жана башка керектүү инженердик системалар менен камсыздалган.

Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, объектти пайдаланууга берүү боюнча акыркы даярдык иштери жүргүзүлүүдө.