Жалал-Абадда жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча окуу борбору ачылды
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ветеринардык медицина кафедрасынын базасында жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Окуу борборунун ачылыш аземине Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Торогул Беков, университеттин ректору Кеңешбек Усенов, борбордун аймактык кеңсесинин кызматкерлери, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте Дүйнөлүк банктын каражаттарынын эсебинен, Министрлер Кабинети менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылып жаткан “Туруктуу аг азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Окуу борборун түзүүгө жалпысынан 3,5 млн сом акча каражаты каржыланган.
Борбордун материалдык-техникалык базасы жаныбарларды жасалма уруктандыруунун заманбап ыкмаларын үйрөтүүгө зарыл болгон атайын жабдуулар менен камсыздалган.
Жаңы борбор студенттердин теориялык билимин практикалык даярдык менен айкалыштырууга, ошондой эле ветеринардык адистердин мал чарбачылыгындагы заманбап репродуктивдик технологияларды өздөштүрүүсүнө шарт түзөт.
