Кыргызстанда ажырашкан жубайлардын турак жайга болгон жеткиликтүүлугү коргоого алынат
23 октябрь

Кыргызстанда ажырашкан жубайлардын турак жайга болгон жеткиликтүүлугү коргоого алынат

Жогорку Кеңеш ажырашкан жубайлардын укуктарын бекемдөөгө байланышкан мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

“Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир нече депутаты тарабынан демилгеленген.

Ага ылайык, жубайлар ажырашканда алардын бирөөсү турак жайга ээлик кылса, үйсүз жубайын убактылуу турак жай менен камсыз кылууга милдеттендирилет же ижарага алынган батир акысын төлөп берет.

Бул демилгечилер белгилешкендей, жашы жете элек балдары менен турак жайсыз калган жарандардын, айрыкча аялдардын укуктарын коргоого багытталган. Жубайлар ажырашканда басымдуу учурда балдар эне менен калышат, а турак жай көбүнесе күйөөнүн же анын туугандарынын атына катталган болот. Жыйынтыгында, ажырашкан аялдар балдары менен турак жай маселесинен кыйналышат.

Мында, эгерде ажырашкан жубайлардын бири арыз менен кайрылса, сот экинчи жубайга аны убактылуу турак жай менен камсыздоого же ижарага алынган батирдин акысын төлөөгө милдеттендире алат.

Чечим кабыл алууда сот тараптардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалын, ошондой эле турак жай шарттарын эске алат. Андан сырткары, убактылуу турак жай менен камсыз кылуунун мөөнөтү сот тарабынан аныкталат.

Демилгечилер мыйзам долбооруна Кыргызстанда ажырашуулардын саны өсүп жатканын, 2024-жылы 13 397 үй-бүлө ажырашса, 2025-жылы бул көрсөткүч 14 210ду түзгөнүн негиз кылышкан.