Кыргызстанда тогуз айында 10 453 чарбакерге 12,5 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында 10 453 чарбакерге 12 млрд 537 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” жарманкесин ачып жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү мурда 2 долбоор аркылуу ишке ашырылып келсе, быйыл 8 долбоор менен ишке ашырылып жатат.
"Айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү мурда 2 долбоор аркылуу ишке ашырылып келсе, быйыл 8 долбоор менен ишке ашырылып жатат", - деди ал.
Бул тармакты тескеген Эрлист Акунбеков президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу улуттук спутниктин космоско учурулушу айыл чарба тармагында инновациялык технологияларды активдүү киргизүүгө шарт түзгөнүн дагы бир жолу белгилеп, өз кезегинде бул спутник өлкөнүн жер жана суу ресурстарына, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлердин абалын баалоого, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана инновациялык технологияларды активдүү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
