Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 октябрь

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешелеринин көлөмү 2021-жылдагы 112 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомго чейин, башкача айтканда, 2,3 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын эли менен жолугушкан учурда билдирди. 

Анын айтымына караганда, кошумча республикалык бюджеттен 319 млн сом бөлүнүп, натыйжада 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын жалпы кирешелеринин көлөмү 581 млн сомду түзгөн.