Кыргызстанда Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 октябрь

Кыргызстанда Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын эли менен жолугушкан кезде билдирди. 

Президент мындан туура бир жыл мурда Кара-Көлдө кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышкандыгын эске салды. 

"Бүгүн бул станция өлкөбүздө электр энергиясын өндүрүүгө өз салымын кошуп жатат. Бул – аймактын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүнүн дагы бир конкреттүү натыйжасы.

Ошондой эле “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жүзөгө ашырылууда.

Бул иштердин баарынын негизги максаты – электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү”, - деди президент.

Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад облусунун өнөр жай борборлорунун бири экенин өзгөчө белгиледи. Иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүү жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча иштер уланууда. Атап айтканда, «Таш-Көмүр» коомдук фонду көмүр казып алуу жана кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууда. Ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда.